01.09.24
Кыргызстандын экономикасы көрсөткөн өсүү темптерин эске алуу менен бийлик өкүлдөрү өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн максаттуу көрсөткүчтөрүн жана болжолун кайра карап чыгышты. Бул тууралуу, журналисттерге Экономика министри Данияр Амангелдиев билдирди.
Анын айтымында, февраль айында ички дүң продуктунун (ИДП) өсүү көрсөткүчү 6,3% пайыз деңгээлинде белгиленген. Бирок азыркы өсүү динамикаларын эске алуу менен өкмөт болжолдоону кайра карап чыкты жана азыр 2024-жылдын аягына чейин экономикалык өсүш 7-8% пайыздан кем эмес, ал эми Кумтөрдү кошпогондо 10% пайызга жакын болот деп күтүлүүдө.
Экономика министри Данияр Амангелдиев: “Биздин алдыбызда орто мөөнөттүү жылдык экономиканын 10% пайыздан кем эмес өсүшүн камсыз кылуу милдети турат. Бул контекстте биз 2030-жылга карата ички дүң продуктунун (ИДП) көлөмүн 30 миллиард долларга жана 2050-жылга чейин 200 миллиард долларга жеткирүүнү камсыз кылган стратегияны даярдап, иштеп чыгуудабыз”, - деп белгилеп өттү.
Бул максаттарга жетүү үчүн Экономика министрлигине инвестицияларды, айрыкча энергетика, инфраструктура жана логистика сыяктуу негизги тармактарда эффективдүү жагымдуу бизнес чөйрөсүн түзүү милдети жүктөлдү. Ошондой эле ички өндүрүш потенциалын жогорулатуу жана кошумча каржылоону тартуу аркылуу экспортту көбөйтүү милдеттери коюлду.