09.16.24

Бишкекте 16-сентябрь күнү Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) кирген өлкөлөрдүн Энергетика министрлери энергетика тармагындагы кызматташуу жана аймактык долбоорлорду биргелешип ишке ашырууну талкуулашты.

Бул тууралуу, Азербайжандын Энергетика министри Парвиз Шахбазов “X” социалдык тармагындагы аккаунтунда билдирди. Парвиз Шахбазов:  “Бүгүн стратегиялык өнөктөш жана союздаш болгон Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) мүчө өлкөлөрүнүн энергетика министрлеринин 4-жыйынында, биз динамикалуу өнүгүп жаткан энергетикалык кызматташтыктын ролу жана Түрк мамлекеттер уюмун (ТМУ) маанилүү уюмга айландыруу үчүн биздин өлкөлөр ортосунда ишке ашырыла турган аймактык энергетикалык долбоорлор тууралуу сүйлөштүк” - деп билдирди.

Парвиз Шахбазов белгилегендей, жолугушуунун катышуучулары “Жашыл” коридорлор “Каспий-Кара деңиз-Европа”, “Азербайжан-Казакстан-Өзбекстан” жана Нахчыван аркылуу өткөн “Азербайжан-Түркия-Европа” коридорунун долбоорлоруна энергетика контекстинде баа беришкен.

https://report.az/ru/energetika/ministry-energetiki-stran-otg-obsudili-v-bishkeke-sovmestnuyu-realizaciyu-energoproektov/