19.09.24

“Венгер-кыргыз” фондунун уставдык капиталын 50 миллион долларга чейин көбөйтүү пландалууда. Бул тууралуу, 19-сентябрда Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Венгриянын Экономика жана тышкы иштер министри Петер Сиярто менен жолугушуу учурунда белгилүү болду.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, фонддун уставдык капиталы учурда 16 миллион долларды түзөт.

Ошондой эле ведомствонун маалыматына караганда, 2023-жылы Кыргызстандын Венгрия менен болгон товар жүгүртүүсү 1,7 эсеге өсүп, 14,7 миллион долларды түздү. Ал эми импорт 13,6 миллион долларды түзгөн.

https://www.tazabek.kg/news:2167343?from=portal&place=last