Кыргызстанга Өзбекстандын Улуттук Банкынын өкүлчүлүгүнүн орун басары Ильхом Нуркулов келди. Бул жөнүндө НБ КРда кабарлашты.
Иш-сапардын максаты – тажрыйба менен алмашуу болуп эсептелет. Иш-сапар эки тараптык Улуттук Банктардын төрөагалары Толкунбек Абдыгулов менен Мамаризо Нурмуратовдун жолугушууларынын жыйынтыгында келген келишимдердин натыйжасында орундалды. Визит учурунда, акча-кредиттик саясат, финансылык статистиканын, накталай акчанын жүрүшүн жана финансылык кызматтын керектөөчүлөрүнүн укугун коргоо маселелерин талкуулашат. Эки тарап калктын финансылык сабаттуулугун жогоруулатуу боюнча жана кредиттик бюронун иш- аракеттерин жөнгө салуу боюнча ой-пикирлери менен алмашышат.
2017-жылдын сентябрь айында Өзбекстандын Улуттук Банкы улуттук акча бирдигин дээрлик эки эсеге деваливация кылган. Азыр болсо сумдун наркы рыноктык болуп калды. Бул өлкөнүн көз карандысыздыгына жеткенден кийин биринчи жолу болду.