07.10.24
“Билим Бишкек” долбоорун ишке ашыруу үчүн реконструкцияланып жаткан имарат студенттерди кабыл алууга даяр. Бул тууралуу “Кыргызпатент” билдирди.
2024-жылдын 7-октябрында Кыргызпатенттин жетекчилиги, ТИКА-Бишкек долбоорунун жана Кыргыз улуттук университетинин өкүлдөрү имараттын курулуш иштери менен таанышып чыгышты. “Билим Бишкек” долбоорунун ачылыш аземи 5-ноябрда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстанга келгенде болмокчу.
Борбор так илимдерге кызыккан балдар үчүн ачылууда. Аталган борбордо 6 жаштан 14 жашка чейинки балдар мектептен кийин келип, билимдерин өркүндөтө алышат. Окуучулар теориялык билимдерин практика жүзүндө турмушка ашыра алышат. Борбордо билим алган жаштар эл аралык сынактарга катышып, Кыргызстандын атын дүйнөгө тааныта алышат. Келечекте окумуштуулар жана ойлоп табуучулар борбордон өсүп чыгарын белгилешет долбоордун өнөктөштөрү.