07.10.24

Кыргызстандын туроператорлору ушул жылдын 23-ноябрында өтө турган 29-Ташкент эл аралык туристтик жарманкеге (TITF-2024) катышууга чакыруу жолдомосун алышты. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Өзбекстан Республикасынын Экология, айлана чөйрөнү коргоо жана климаттык өзгөрүү министрлигинин Туризм комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

“Жибек жолундагы туризм” аттуу Ташкент эл аралык туристтик жарманкеси Өзбекстандын жана бүтүндөй Борбор Азия регионунун туризм тармагындагы эбегейсиз чоң мааниге ээ”, — деп айтылат маалыматта.

Жарманкенин программасынын алкагында конференциялар, “B2B” форматындагы  жолугушуулар, тегерек столдор, туристтик кызматтардын жана кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөлөрү, Өзбекстандын аймактарынын туристтик потенциалынын презентациялары, гастрономиялык иш-чаралары жана башка көптөгөн иш-чаралары пландаштырылууда. Жарманке 1995-жылдан бери БУУнун Бүткүл дүйнөлүк туристтик уюмунун расмий колдоосу менен өткөрүлүп келет.

https://kabar.kg/news/turoperatory-iz-kyrgyzstana-primut-uchastie-v-tashkentskoi-turisticheskoi-iarmarke-2024/