09.10.24
Кыргызстандын президенти, Садыр Жапаров 9-октябрь күнү “Baykar Technology” компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Сельчук Байрактарды кабыл алды.
Мамлекет башчынын пресс-кызматы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө аскердик-техникалык кызматташтыкты тереңдетүү жана коргоо жаатындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.
Мамлекет башчысы “Baykar Technology” сыяктуу алдыңкы эл аралык компаниялар менен кызматташтыкты бекемдөө өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатууда, улуттук аскердик-өнөр жай комплексин өнүктүрүүдө жана аймактык коопсуздукту бекемдөөдө негизги ролду ойноорун баса белгиледи.
Сельчук Байрактар өз кезегинде, “Baykar Technology” компаниясы Кыргызстан менен өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө даяр экенин белгилеп, чек аралардын коопсуздугун камсыз кылуу жана потенциалдуу коркунучтардын алдын алуу үчүн натыйжалуу заманбап технологияларды колдонуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Жолугушуунун жүрүшүндө, президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын коргонуу жөндөмдүүлүгүн жана аскердик потенциалын чыңдоого кошкон зор салымы үчүн Сельчук Байрактарды “Даңк” ордени менен сыйлады.
https://kabar.kg/news/sadyr-zhaparov-prinial-predsedatelia-soveta-direktorov-baykar-technology/