09.10.24
Түркиянын “Baykar Technology” компаниясынын техникалык директору, Сельчук Байрактар, Бишкекте 9-10-октябрда өтүп жаткан, Түрк мамлекеттеринин жасалма интелект боюнча форумуна катышты.
Ал өз сөзүндө компаниянын аскердик авиация үчүн берген жаңылыктары жөнүндө айтып берди. Сельчук Байрактар: “Биз саякатыбызды 2000-жылы баштаганбыз, болгону 10 киши болчубуз. Бүгүнкү күндө биз 5 миңден ашыкпыз. Азыр биз Кыргызстан менен да кызматташып жатабыз. Биздин продукция сиздердин өлкөнү коргоодо турушу үчүн түрк мамлекеттери менен иштешүү биз үчүн чоң сыймык”, - деп белгилеп өттү.
Сельчук Байрактар Кыргызстандын технологиялык секторуна инвестиция салууну пландап жатышкандыгын билдирди. Сельчук Байрактар өзү тең ээлик кылган “Эпич” компаниясы космостук системалар жаатында иш баштаганын жана кызыкдар өлкөлөр менен кызматташтыкта ракеталарды курууну көздөп жатканын баса белгиледи.
Эскерте кетсек, 9-10-октябрда Бишкекте Түрк мамлекеттеринин жасалма интеллект боюнча форуму болуп өттү. Бул эки күндүк инновациялык иш-чара, мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн, жасалма интеллект жаатындагы алдыңкы эксперттерди, бизнес, академиялык чөйрөлөрдүн жана Түрк өлкөлөрүнүн, Борбор Азиянын жана дүйнөнүн IT- коомчулугунун өкүлдөрүн башын бириктирет.
Форумга Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөр Түркия, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстандын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү жана алдыңкы эксперттери катышууда. Байкоочу өлкөлөрдүн статусунда Венгрия мамлекети турат.