16.10.24
Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Пакистанга келерки жылы товар жүгүртүүнү 100 миллион долларга чейин көбөйтүүнү сунуштады. Бул демилгени ал Пакистандын премьер-министри Шехбаз Шариф менен жолугушууда учурунда көтөрдү.
Жапаров Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы экономикалык байланыштарды кеңейтүү потенциалын белгиледи. Анын айтымында, 2023-жылы эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү 20 миллион долларды түзгөн. Анын пикиринде, бул кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрү толук пайдаланылбай келет.
Акылбек Жапаров: “Мен биргелешкен күч-аракеттер аркылуу келерки жылы товар жүгүртүүнү 100 миллион долларга, орто мөөнөттүү келечекте 500 миллион долларга жеткирүүнү сунуштайм”, - деп белгилеп өттү.
Министрлер кабинетинин башчысы ошондой эле Пакистан, Кытай, Кыргызстан жана Казакстандын ортосунда жүктөрдү транзиттик ташуу боюнча төрт тараптуу келишимге токтолуп, Кыргызстан үчүн Пакистан аркылуу деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгүн ачыла тургандыгын билдирди.
Важным элементом этого сотрудничества станет развитие Каракорумского шоссе, которое, по словам Жапарова, еще не достигло своей полной пропускной способности.
Жапаровдун айтымында, эки тараптуу кызматташтыктын маанилүү элементи Каракорам автожолун өнүктүрүү болуп эсептелет. Анын билдиришинче азырынча аталган жол өткөрүү мүмкүнчүлүгүн толук кубаттуулукта пайдаланууга жетише элек.
Мындан тышкары, Акылбек Жапаров эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүү үчүн “Кыргыз-Пакистан” бизнес кеңешин түзүүнү жана анын алгачкы жыйынын келерки жылы Кыргызстанда өткөрүүнү сунуштады.
Тараптар ошондой эле маданий-гуманитардык жана билим берүү тармактарында тажрыйба алмашууну талкуулашты. Жапаров биргелешкен аракеттер эки өлкөнүн мамилелерин жаңы деңгээлге чыгарарына ишенимин билдирип, Шехбаз Шарифти Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.