16.10.24
Кыргызстандын Айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев Казакстандын Айыл чарба министри Айдарбек Сапаров менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу, Кыргызстандын Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда тараптар, Кыргызстан менен Казакстандын айыл чарба тармагындагы кызматташуусунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле соода-экономикалык мамилелерди жана инвестициялык долбоорлорду өнүктүрүүнү талкуулашты.
Өзгөчө көңүл айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү тармагында биргелешкен иштерди күчөтүү, жеткирүү түйүндөрүн өнүктүрүү жана айыл чарба тармагына заманбап технологияларды колдонуу маселелерине бурулду.
Жолугушуунун жыйынтыгында, айыл чарба тармагындагы эки тараптуу мамилелерди чыңдоо жана талкууланган бардык багыттар боюнча тыгыз кызматташууну улантуу боюнча макулдашууга жетишилди.