17.10.24

Түрк инвестициялык фонду 2025-жылдын январь айынан  тарта Түрк мамлекеттери уюмуна (ТМУ) кирген өлкөлөрдө ири биргелешкен долбоорлорду каржылай баштайт. Бул тууралуу, Стамбулда өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк соода жана өнөр жай палаталарынын форумунун алкагында өткөн, Түрк мамлекеттеринин Соода-өнөр жай палаталарынын жыйынында айтылды. Бул тууралуу, Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган жыйынга, Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Темир Сариев катышты. Көрүшмөнүн алкагында, Түрк мамлекеттери уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү боюнча мындан аркы кадамдар талкууланды. Ошондой эле катышуучуларга өз ишин баштаган, Түрк инвестициялык фондунун ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берилди.

Түрк инвестициялык фонду, Түрк мамлекеттеринин ортосундагы экономикалык жана соода байланыштарын чыңдоо максатында түзүлгөн. Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын маалыматы боюнча, фонддун уставдык капиталы 1 миллиард долларды түзөт жана 2025-жылдын башынан тартып, Түрк мамлекеттери уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн биргелешкен ири долбоорлорун ишке ашыра баштайт.

Эскерте  кетсек, Түрк инвестициялык фондун түзүү боюнча келишимге 2023-жылдын 16-мартында, Анкарада өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ)  саммитинин алкагында кол коюлган. Уюштуруучу өлкөлөр Түркия, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан  болгон.

https://economist.kg/dengi/2024/10/17/tiurkskii-inviestitsionnyi-fond-s-kapitalom-1-mlrd-nachniet-finansirovaniie-proiektov-s-ianvaria-2025-ghoda/