18.10.24

2019-2023-жылдары Кыргызстандын Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) кирген өлкөлөр менен соода жүгүртүүсү 62% пайызга өскөн. Бул тууралуу, 18-октябрда Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ)  мүчө өлкөлөрдүн Соода жана экономика министрлеринин 13-жыйынында жана аталган уюмдун Экономикалык кызматташуу боюнча жумушчу тобунун 15-жыйынында, Кыргызстандын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди.

Министрдин айтымында, товар жүгүртүүнүн өсүшү экспорт 54,6% пайызга, импорт 66% пайызга өсүшүнүн эсебинен байкалууда.  Данияр Амангелдиев: “Бул биздин туура жолдо экенибизди көрсөтүп турат. Бирок, биз муну менен эле токтоп калбашыбыз керек, соода-экономикалык мамилелердин жаңы жолдорун издешибиз керек”, - деп белгилеп өттү. Ошондой эле министр бардык уюмга мүчө  өлкөлөрү менен Кыргызстандын экономикалык мамилелердеги жетишилген  ийгиликтерге  токтолуп өттү.

https://www.tazabek.kg/news:2180766?from=portal&place=last