18.10.24
18-октябрда Бишкекте эки тараптуу, Кыргызстан-Түркия саясий консультациялары өттү. Бул тууралуу, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Кыргызстандын делегациясын, Тышкы иштер министрлигинин үчүнчү саясий департаментинин директору Асхат Рыскулов, Түркиянын делегациясын Тышкы иштер министрлигинин Борбордук Азия жана Түрк мамлекеттери уюму (ТМУ) боюнча башкы директору Гөкхан Туран жетектеп келди.
Жолугушуунун жүрүшүндө, эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, анын ичинде саясий, соода-экономикалык, аскердик-техникалык жана маданий-гуманитардык аспектилери талкууланды. Эл аралык аренада өз ара аракеттенүү жана көп тараптуу платформаларда биргелешкен аракеттерди координациялоо маселелери дагы талкууланды.
Тараптар алдыда боло турган иш-чараларга жана саммиттердин өткөрүлө турган убактыларын макулдашты. Соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө, өз ара соода жүгүртүүнү көбөйтүүгө жана Кыргызстандын экономикасына, Түркиядан инвестицияларды тартууга өзгөчө көңүл бурулду.
Мындан тышкары, эки өлкөнүн жарандарынын виза шарттарын жөнөкөйлөтүү жана визасыз режимди узартуу маселелери талкууланды.
https://kaktus.media/doc/511521_v_bishkeke_proshli_kyrgyzsko_tyreckie_politicheskie_konsyltacii.html