18.10.24

Бишкекте Түрк мамлекеттеринин (ТМУ) Экономика жана соода министрлеринин 13-жыйыны жана ушул уюмдун экономикалык кызматташуу боюнча жумушчу тобунун 15-жыйыны өттү.

Бул тууралуу, Кыргызстандын Экономика жана соода министрлигинин маалыматына  шилтеме берүү менен “Кабар” агенттиги билдирди. Кыргызстандын Экономика министри Данияр Амангелдиев жыйындын ачылышында, 15 жыл мурун  Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешин түзүү боюнча келишимге кол коюлганынын билдирип, Түрк дүйнөсүнүн кызматташтык күнүнүн маанисин белгилеп, катышуучуларды куттуктап өттү.

Министр эки тараптуу мамилелердин алкагындагы маанилүү кадамдар менен бөлүшүп, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Азербайжанга жакында болгон иш сапары учурунда 2024-2029-жылдары кызматташуу программасына кол коюлгандыгын билдирди. Ошондой эле  Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын, Кыргызстанга боло турган иш сапарынын маанисин белгилеп, бул бир туугандык байланыштарды мындан ары да чыңдоого чоң салым кошоорун белгиледи.

Жолугушууда талкууланган негизги долбоорлордун бири, “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу долбоору аймак үчүн стратегиялык мааниге ээ болуп, Европа жана Кытайдын ортосундагы логистикалык жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачмакчы. Жолугушуу учурунда, экономиканын эң маанилүү бөлүгү болгон жашыл экономиканы өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

https://report.az/ru/finansy/v-bishkeke-sostoyalos-13-e-zasedanie-ministrov-ekonomiki-i-torgovli-organizacii-tyurkskih-gosudarstv/