10.25.24
Кыргызстандын Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгү “Өзбекстан-Кыргызстан” өнүктүрүү фонду, президенттин орун басарлары жана бизнес өкүлдөрү менен биргеликте Өзбекстандагы эң ири автотранспорт көргөзмөлөрүнүн бири “Automechanika Tashkent 2024” көргөзмөсүндө болушту.
Делегация Өзбекстанда жасалган автобустардын жана оор транспорттук техниканын алдыңкы үлгүлөрү менен таанышты. Бул моделдер республикалык маанидеги шаарларда жана Кыргызстандын башка аймактарында колдонуу үчүн кызыгууну жаратты. Жүргүнчүлөрдү ташуунун сапатын бир топ жакшырта ала турган коомдук транспорт маселелерин чечүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Делегаттар ошондой эле жеңил автомобилдерден тартып, коммерциялык автоунаалардын запастык бөлүктөрүн жана тетиктери менен таанышып чыгышты. Мындай кызматташтык, Кыргызстанга жаңы технологияларды киргизүүгө жана эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.