06.11.24.

Бишкек шаарында 6-ноябрь күнү президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын 11-саммити болуп өттү.

Иш-чарага Азербайжандын президенти Ильхам Алиев, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан жана ТМУнун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев катышты.

Жыйында мамлекет башчылары ТМУ өлкөлөрүнүн ортосундагы көп пландуу кызматташтыкты андан ары тереңдетүүгө багытталган документтерге кол коюшту.

Саммиттин соңунда Садыр Жапаров Виктор Орбанга Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин жана байкоочулардын ортосундагы мамилелердин өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн “Түрк дүйнөсүнүн Жогорку орденин” тапшырды. Эми Түрк мамлекеттер уюмуна төрагалык кылуу Казакстандан Кыргызстанга өттү.

https://kg.kabar.kg/news/bishkekte-t-rk-mamleketter-uiumunun-11-sammiti-tt-video/