11.11.24

Түркияда кыргызстандык жарандарды жергиликтүү эмгек рыногуна интеграциялоо боюнча иштер жүргүзүлөт. Бул тууралуу келишим, Кыргызстандын  Антальядагы башкы консулдугунун колдоосу менен 1-6-ноябрь күндөрү, Антальяга иш сапары менен барган Кыргызстандын Социалдык министрлигине караштуу, Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун делегациясынын сапарынын жүрүшүндө жетишилди.

Сапардын алкагында, Антальядагы Кыргызстандын башкы консулу Рустам Кошонов жана Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун директору Бактыбек Кудайбердиев, Түркиянын Миграция маселелери боюнча жооптуу губернаторунун орун басары Мустафа Хулуси Арат менен жолугушту. Көрүшмө учурунда, тараптар кыргызстандык эмгек мигранттарынын жашоо шарттары, укуктары жана иштөө шарттары боюнча маселелерди талкуулашты.

Жолугушуунун катышуучулары жумушка орноштуруу тармагында кызматташууну чыңдоо боюнча сунуштарды иштеп чыгышты. Мындай кадамдар, Кыргызстандын жарандарын Түркиянын эмгек рыногуна натыйжалуу интеграциялоого өбөлгө түзөт.

Консулдуктун кызматкерлери жана кыргыз делегациясынын мүчөлөрү кыргызстандык мигранттардын иштеген жерлерине да барышып, алардын иштөө жана жашоо шарттарын жеринде баалашты.

https://economist.kg/novosti/2024/11/11/kyrghyzstantsam-budut-pomoghat-intieghrirovatsia-na-rynkie-truda-turtsii/