06.11.24

Бишкек шаарында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан жолугушуусу болуп өттү. Өкмөт башчылары эки тараптуу кызматташтыктын келечегин, өзгөчө туризмди өнүктүрүү жана экономикалык байланыштарды чыңдоо маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу, Кыргызстандын өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун маанилүү натыйжасы болуп өлкөлөр ортосундагы кеңейтилген стратегиялык өнөктөштүк тууралуу биргелешкен декларацияга кол коюлду.

Документ Венгриянын премьер-министри Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен жолугушкандан кийин кол коюлган болучу. Көрүшмө учурунда эки тараптуу келишимдер топтому да макулдашылды.

Ошондой эле инвестициялык, энергетикалык жана инфраструктуралык чөйрөлөрдө биргелешкен долбоорлордун келечеги талкууланды. Тараптар туристтик алмашуунун чоң потенциалы бар экенин белгилеп, бул багытта кызматташууну кеңейтүү боюнча макулдашышты.

https://centralasia.news/31030-kirgizija-i-vengrija-namereny-ukrepit-vzaimodejstvie-v-jenergetike-i-turizme.html