13.11.24
Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы боюнча министри Бакыт Төрөбаев 2024-жылдын 13-ноябрында, Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, транспорт жана коммуникациялар агенттигинин директору Мамметхан Чакыев менен видеобайланыш аркылуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Жолугушууда тараптар “Кыргызстан - Өзбекстан - Түркмөнстан - Россия” багыты боюнча жана “Алят” (Азербайжан) порту аркылуу Европага товар жеткирүү үчүн мультимодалдык жүк ташууларды уюштурууну талкуулашты.
Өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан маалыматта: “Бул багытта кызматташуу, эки өлкө ортосундагы экономикалык байланышты чыңдоого көмөк көрсөтүп, аймак ичинде жана Европага экспорттоо үчүн жүктөрдү ташуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет”, - деп айтылат.
Ошондой эле, Каспий деңизи аркылуу жүктөрдү ташуу үчүн “Түркмөнбашы” эл аралык деңиз портун кыргызстандык товар ташуучуларга пайдаланууну стимулдаштыруу максатында, бардык транспорттун түрлөрү жана порт кызматтары боюнча жеңилдетилген тарифтердин варианттары каралды. Жолугушуунун жыйынтыгында, тараптар Каспий деңизи аркылуу жүк агымын көбөйтүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.