14.11.24
2024-жылдын үч кварталынын жыйынтыгы боюнча, Кыргызстан Түркиядан дээрлик $1 миллиард долларга жакын товар импорттоду. Бул маалыматты Түркиянын Статистика институту жарыялады.
Түркиядан келген импорттун көлөмү тогуз ай ичинде $982,5 миллион долларды түздү. Бул сумма былтыркы жылдын январь-сентябрь айларындагы көрсөткүчтөрдөн 7% пайызга көпттүк кылат. 2024-жылдын сентябрь айында, Түркиядан товарлардын импорту 21% пайызга көбөйүп, $119 миллион долларга жеткен.