19.11.24

“Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ачык акционердик коомунун (ААК) башкы директору Алтынбек Рысбеков кабелдик продукция жана электр жабдууларын өндүргөн бир катар Азербайжандын заводдорунун ишмердүүлүгү менен таанышып келди. Бул тууралуу, аталган компаниянын маалымат кызматы билдирди.

Алтынбек Рысбеков “Gok-Nur Baki LTD”, “General Boards System” (GBS) компанияларынын жана “Сумгаит” технологиялык паркынын жетекчилери менен жолугушууларды өткөрдү.

Жолугушуу учурунда, Кыргызстандын жана Азербайжандын энергетикалык компанияларынын ортосунда келечектүү жана өз ара пайдалуу кызматташуу маселелери талкууланды. Кыргызстандын энергетикалык системасынын муктаждыктары үчүн кабелдик продукцияны жана электр жабдууларын жеткирүү мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдалануу маселелери талкууланды.

https://economist.kg/enierghietika/2024/11/19/kyrghyzstan-zaintieriesovan-v-importie-kabieliei-i-eliektrooborudovaniia-iz-azierbaidzhana/