27.11.24

Кийинки 2025-жылы Сокулук районунун аймагында, кыргыз бренди менен унааларды өндүрө турган завод ишке киргизилет. Бул тууралуу  27-ноябрда, Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлигинин өнөр жай саясаты башкармалыгынын башчысы Арслан Базиев радио эфиринде маек берип жатып билдирди. Анын айтымында, учурда завод курулуп жатат.

Арслан Базиев:  “Бүгүнкү күндө завод, Кытайдын “Jaecoo” компаниясы менен биргеликте курулууда. Биз кийинки жылы ишкананы ишке киргизүүнү пландап жатабыз. Завод ишке киргенден кийин өз брендибиз менен унааларды чыгара баштайбыз”, – деп билдирди.

Арслан Базиев унаа өндүрүшү татаал жана өзгөчө тармак экенин белгилеп келип: “Ошондуктан компаниялар жаңы рынокко чыкканда, өндүрүштү баскыч-баскычы менен ишке киргизет. Биринчи этапта ири түйүндүү чогултуу, андан соң майда түйүндүү чогултуу, андан кийин гана жергиликтештирүү процесси жүргүзүлөт”, – деп белгилеп өттү.

https://www.tazabek.kg/news:2198196/?from=portal&place=nowread&b=1