27.11.24
Кыргызстандын Энергетика министри Талайбек Ибраев эл аралык компаниялар менен инвестициялык макулдашууга кол койду. Бул тууралуу, Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Документке ылайык, Токтогул ГЭСинин базасында эки калкып жүрүүчү күн электр станциясын куруу жана эксплуатациялоо пландаштырылууда. Макулдашууга Кыргызстандын Министрлер Кабинети, “Sonnenenergie, a.s.,” “AB Progressio GmbH”, “LTI ReEnergy CleanTech Project Development UG” компаниялары, ошондой эле “СЭС Токтогул” жана “СЭС Токтогул КG” ачык акционердик коомдору (ААК) кол коюшту.
Долбоор боюнча, келечектеги күн электр станциясынын кубаттуулугу 612 (МВт) кубаттуулукту түзөт. Ал эми курулуш эки этап менен төрт жыл ичинде ишке ашырылат. Бул долбоордун уникалдуулугу калкып жүрүүчү платформаны колдонууда болуп эсептелет. Станция экосистеманы сактоого жана айлана-чөйрөгө тийгизген таасирди азайтууга мүмкүндүк берет.
Мындан тышкары, сапардын алкагында Кыргызстандын Энергетика министрлиги менен “Siemens Energy Global GmbH & Co. KG” компаниясынын ортосунда өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлду. Бул документ биргелешкен энергетикалык долбоорлорду изилдөөгө жана ишке ашырууга багытталган.