27.11.2024
Венгриянын элчилиги маалымдагандай, 2024-жылдын 27-ноябрында Бишкек шаарында “Венгрия-Кыргызстан” айыл чарба форуму болуп өттү.
Бул иш-чара айыл чарба тармагындагы кызматташуунун келечегин талкуулоо, тажрыйба алмашуу жана венгриялык жана кыргызстандык компаниялардын ортосунда ишкердик байланыштарды түзүү максатын көздөдү.
Форумга заманбап айыл чарбага адистешкен венгриялык компаниялардын өкүлдөрү катышты.
Аларга:
- Agrofeed Rus Kft. – Мал чарбачылыгы жана тоют өндүрүшү
- Babolna Tetra Ltd. – Канаттуулар чарбачылыгы
- Fulmer Apiary – Бал өндүрүшү
- Hunland Ltd. – Мал өстүрүү жана өндүрүү
- InnovaSter Trade Ltd. – Тамак-аш өнөр жайына жабдуулар
- Kavali™ – Кургатылган азыктар
- Korax group – Эт өнөр жайына жабдуулар
- Woodstock Kft. – Жүгөрү, буудай жана күн карама уруктарын өндүрүү.
Венгриялык компаниялар, Кыргызстанда колдонууга ылайыктуу түшүмдүүлүктү жогорулатуу, сугат технологияларын өркүндөтүү, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү жана экологиялык туруктуу жер иштетүү боюнча инновациялык жаңы ыкмалары менен тааныштырышты.