01.12.24

“Кыргызалтын” акционердик коомунун (ААК) (мамлекеттик үлүшү 100%) делегациясы, Ташкент шаарында эки күндүк иш сапарынын алкагында, Өзбекстандын алдыңкы зер буюмдар заводдорунун технологияларын изилдеп келишти. Бул сапар, Кыргызстандын Экономика министрлигинин алдындагы соода өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулганын министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Сапардын жүрүшүндө “Кыргызалтын” акционердик коомунун (ААК)  өкүлдөрү, Өзбекстандын зер буюмдары заводдорунун өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрү менен таанышты, алардын катарында:

  • Fonon — Өзбекстандагы зер буюмдарын өндүрүү боюнча эң ири компания;
  • Sofiazar — дизайнердик чечимдерге адистешкен ишкана;
  • Uzgold — ишенимдүү өндүрүүчү катары белгилүү зер буюмдар заводу.

Делегация ошондой эле шоурумдарга жана өзбекстандык алдыңкы бренддердин продукциялары көрсөтүлгөн чекене соода түйүндөрү менен таанышып чыгышты.

“Өзбекзаргарсаноати” зергерчилик буюмдары өндүрүүчүлөр ассоциациясы менен жолугушууда өз ара пайдалуу кызматташтык маселелери, анын ичинде заманбап технологияларды колдонуу, зер буюмдарын өндүрүүнү өнүктүрүү жана адистер үчүн биргелешкен билим берүү программаларын уюштурууну талкуулашты.

https://economist.kg/biznes/2024/11/30/kyrghyzaltyn-budiet-pierienimat-opyt-uzbiekskikh-iuvielirnykh-kompanii/