02.12.24

Түркиянын Статистика институтунун маалыматы боюнча, Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы товар жүгүртүү октябрь айында акыркы 2,5 жылдагы эң жогорку деңгээлге жетти.

Октябрь айында эки өлкө ортосундагы соода көлөмү $156 миллион долларды түзүп, өткөн жылдын октябрь айындагы көрсөткүчтөрдөн 37% пайызга жогору болгон.

$156 миллион доллардан ашкан бул көрсөткүч 2022-жылдын башынан бери, Түркия менен товар жүгүртүү боюнча эң жогорку деңгээл болуп саналат.

2024-жылдын он айынын жыйынтыгында, Түркия менен товар жүгүртүүнүн жалпы көлөмү $1,3 миллиард долларды түзүп, өткөн жылдын январь-октябрь айларына салыштырмалуу 4% пайызга көбөйгөн.

https://www.tazabek.kg/news:2200090?from=portal&place=last