03.12.24

Кыргызстандын Соода өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Чынгыз Токтобеков Түркиянын “Ünal Kuruyemiş” компаниясынын негиздөөчүсү Өмер Фарук Эрбил менен жолугушту. Бул тууралуу, Экономика министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда тараптар, Кыргызстандын кургатылган мөмө-жемиштерин Түркиянын рыногуна экспорттоону кеңейтүүнүн келечегин талкуулашты. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында, кыргызстандык өндүрүүчүлөрдүн бизнес-сунуштарын Түркиялык компанияга кароо үчүн берүү тууралуу макулдашууга жетишилди.

“Ünal Kuruyemiş” компаниясы кыргыз экспортчуларынын кызыгуусу болсо, жаңгак, фасоль, жасмык, кургатылган өрүк, кара өрүк жана башка кургатылган мөмө-жемиштерди жеткирүү боюнча келишимдерди түзүүгө даяр экенин билдирди.

Эскерте кетсек, 1956-жылы Анкара шаарында негизделген “Ünal Kuruyemiş” компаниясы кургатылган мөмө-жемиштердин жана жаңгактардын ири өндүрүүчүсү жана дистрибьютору болуп саналат. Түркияда анын алтымышка жакын филиалы жана Европада бир нече сатуу түйүндөрү бар. Компания 300 ашык кызматкерди иш менен камсыз кылат.

https://economist.kg/biznes/2024/12/03/turietskaia-kompaniia-unal-kuruyemis-ghotova-zakupat-kyrghyzskiie-sukhofrukty-i-oriekhi/