09.12.2024

2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында, Кыргызстан Түркияда жана коңшу өлкөлөрдө соода миссиясын өткөрүүнү пландап жатат. Бул чечим Түркиядагы Кыргызстандын соода өкүлчүлүгү менен “Кыргызэкспорттун” ортосунда кызматташуу боюнча өткөрүлгөн видеоконференциянын алкагында кабыл алынды. Бул тууралуу, Экономика министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Соода миссиясынын алкагында “Кыргызэкспорт” ата мекендик экспорттоочулардын продукцияларын топтоо жана жеткирүү иштерин уюштурат. Ал эми соода өкүлчүлүгү кыргыз товарларынын көргөзмөсү үчүн аянтча түзөт. Бул иш-чара кыргыз продукцияларынын эл аралык рыноктордогу катышуусун кеңейтүүгө шарт түзөт.

Жолугушуу учурунда, тараптар Кыргызстандын товарларынын Түркияга экспортун көбөйтүү мүмкүнчүлүктөрүн, соодадагы тоскоолдуктарды жоюу жолдорун, алдыңкы технологияларды тартуу жана Кыргызстанда экспортко багытталган жаңы ишканаларды түзүү үчүн инвестицияларды тартуу маселелерин талкуулашты.

Экономика министрлиги соода миссиясын өткөрүүсү, Кыргызстан менен Түркиянын экономикалык кызматташтыгын тереңдетүүдө маанилүү кадам болооруна ишеними бар экенин билдирди.

https://economist.kg/biznes/2024/12/09/v-piervoi-polovinie-2025-ghoda-kyrghyzstan-proviediet-torghovuiu-missiiu-v-turtsii-i-sosiednikh-stranakh/