09.12.24
Кыргызстандын Түркиядагы соода өкүлү Чыңгыз Токтобеков Анкаранын кургатылган кофе жана кургак жемиштер палатасынын төрагасы Айтач Севимли жана палатанын мүчөлөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу, Кыргызстандын Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда Кыргызстандан Түркиянын рыногуна органикалык жаңгактарды жеткирүү маселеси талкууланды. Тараптар логистика, продукциянын сапат стандарттары жана аны сатуу шарттарын карап чыгышты.
Көрүшмөнүн жыйынтыгында, кыргыз товарларын илгерилетүү үчүн коммерциялык сунушту даярдоо жана презентация өткөрүү боюнча макулдашууга жетишилди. Ошондой эле Түркия делегациясынын Кыргызстанга иш сапар менен келип, өндүрүш процесстери менен таанышуу жана кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө мүмкүнчүлүгү талкууланды.
Мындан тышкары, 6-декабрда Түркиянын чакан жана орто бизнеске колдоо көрсөткөн “KOSGEB” уюмунун өкүлдөрү менен жолугушуу болду. Сүйлөшүүлөрдө Кыргызстандагы өнөр жайды өнүктүрүү боюнча жумушчу топ менен кызматташуунун келечеги талкууланды. Аталган уюмдун өкүлдөрү, Кыргызстандын Экономика министрлиги менен кызматташтык боюнча меморандумга кол коюуга даяр экенин билдиришти.