12.12.24
Кыргызстан быйыл 2024-жылдын башынан бери алтын сатуудан $1 миллиард доллардан ашык киреше тапты. Бул тууралуу, Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, январь-октябрь айлар аралыгында, Кыргызстан 13,8 тонна алтын экспорттоп, андан $1 миллиард доллар киреше тапкан. Бул 2023-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу салмагы боюнча 7% пайызга жана наркы боюнча 32% пайызга көптүк кылат. 2023-жылы 12,9 тонна алтын экспорттолуп, $805 миллион доллар киреше алынган болчу.
Акыркы 10 ай ичинде, Кыргызстандан алтын сатып алуу боюнча башкы лидер Улуу Британия өлкөсү болуп эсептелет. Аталган мамлекет жалпы экспорттун 80% пайызын же 11 тонна алтынды $870 миллион долларга сатып алган.