13.12.24

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары,  Айыл чарба министри Бакыт Торобаев Венгриянын “UMWELT KFT” компаниясынын өкүлдөрү менен видеоконференция өткөрдү.

Жолугушуунун негизги темасы, айыл чарба техникасын жана жабдууларын Кыргызстанга жеткирүү маселесин талкуулоо болду. Бул тууралуу, Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушуу учурунда тараптар “UMWELT KFT” компаниясы менен “Агрохолдинг” мамлекеттик ишканасынын ортосундагы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Компаниянын өкүлдөрү, Кыргызстанда өз өкүлчүлүгүн ачууга, венгриялык айыл чарба техникасын жана башка өндүрүүчүлөрдүн агротехника продукцияларын жеткирүүгө кызыктар экенин билдиришти.

https://economist.kg/agriculture/2024/12/13/vienghierskaia-kompaniia-umwelt-kft-planiruiet-postavliat-sielskokhoziaistviennoie-oborudovaniie-v-kyrghyzstan/