20.12.24
“Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолунун курулушу 2024-жылдын 27-декабрында башталат. Бул тууралуу, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Элдик курултайда сүйлөп жатып билдирди.
Анын айтымында, бул темир жол Чыгыш менен Батышты байланыштырган стратегиялык көпүрө болуп, соода, туризм жана өнөр жай үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Эскерте кетсек, темир жолдун болжолдонгон маршруту төмөнкү аймактарды камтыйт: “Кашгар (Кытай) — Торугарт — Арпа өрөөнү — Макмал — Жалал-Абад — Кара-Суу — Андижан (Өзбекстан)”.
Долбоордун алкагында 90 тоннель, көпүрө жана темир жол станцияларын куруу пландалууда. Бул жол аркылуу жүктөрдү ташуу мүмкүнчүлүгү жылына 7 миллион тоннадан 13 миллион тоннага чейин жетери күтүлүүдө. Курулуш алтыдан сегиз жылга чейин убакытты талап кылышы мүмкүн. Долбоордун баасы 3–5 миллиард доллар деп бааланууда.