11.01.25
2025-жылдын 10-январында Кыргызстандын Экономика министрлигинин Түркиядагы соода өкүлү Чыңгыз Токтобеков жана Кыргызстандын президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Жумагазиев менен жолугушту.
Жолугушуунун алкагында, эки өлкөнүн экономикалык байланыштарын өнүктүрүүгө багытталган кызматташтык боюнча меморандумга кол коюлганын, Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Документте төмөнкүлөр каралган:
- Кыргызстандын продукциясын Түркия рыногуна экспорттоо көлөмүн көбөйтүү;
- Чүй облусуна Түркиядан инвестицияларды тартуу.
Тараптар соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө жана өз ара пайдалуу кызматташтык үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган чараларды талкуулашты. Айрыкча өнөктөштүктү бекемдөө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.