18.01.25
Будапешт шаарында өткөн “III Кыргызстан-Венгрия” агрофоруму алкагында, Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы айыл чарбасын өнүктүрүүгө жана ишкердик байланыштарды түзүүгө багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду. Бул тууралуу, Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Форумдун негизги максаты, эки өлкөнүн айыл чарба компанияларынын ортосунда кызматташуунун келечегин талкуулоо, ошондой эле түшүмдүүлүктү жогорулатуу, сугат технологияларын жакшыртуу, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү жана экологиялык таза, туруктуу айыл чарба тармагында инновациялык чечимдер менен алмашуу болду.
Форумга айыл чарба тармагына байланыштуу заманбап чечимдерди сунуштаган ири венгриялык компаниялары, ошондой эле Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын жана компанияларынын өкүлдөрү катышып, өз өлкөсүнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу баяндамаларды жасашты.
Иш-чаранын жыйынтыгында төмөнкүдөй кызматташуу боюнча меморандумдарга кол коюлду:
- “Кыргыз Агрохолдинг” ААК менен “Умвелт групп” компаниясынын айыл чарба тармагындагы меморандуму;
- “Кыргыз Агрохолдинг” ААК менен “L.A.C. Zrt” холдингинин ортосундагы меморандум;
- Венгриянын Улуттук иш берүүчүлөр жана өнөр жай кызматкерлери ассоциациясы менен Кыргызстандын Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясы юридикалык тараптар бирикмесинин ортосунда өз ара түшүнүшүү меморандуму.
Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары, айыл чарба министри Бакыт Торобаев агрофорумга катышып, инвесторлорду колдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, Венгриянын ишкерлерин Кыргызстанда активдүү иштөөгө чакырды.
Ал Кыргызстандын жаңы экономикалык саясаты айыл чарбасын, энергетиканы жана транспорт-транзит тармагын өнүктүрүүгө багытталганын баса белгилеп, Венгрияны агротехнологиялар боюнча тажрыйбасы мол ишенимдүү өнөктөш катары бааларын айтты.
Бакыт Төрөбаев: “Венгрияны өсүмдүк сортторун жакшыртуу, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү, чакан жана орто фермердик чарбаларды өнүктүрүү боюнча тажрыйбасы мол ишенимдүү өнөктөш катары карайбыз”, - деп белгилеп өттү.
Инновациялык технологияларды ишке ашырууга жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга багытталган агрофорумду жыл сайын өткөрүү пландалууда.