18.01.25
Алматы шаарында, Кыргызстандын соода үйүн ачуу жана кыргыз ишкерлерине арналган бизнес-клуб түзүү пландалууда. Бул тууралуу 15-январда, Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу Женишбек Асанкуловдун Алматы шаарындагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунда белгилүү болду.

Бул тууралуу,  Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушуу учурунда, башкы консул 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүү жаатындагы маанилүү жетишкендиктери, башкы консулдуктун аткарган иштери жана мындан аркы кызматташуунун келечеги тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле кабыл алуучу өлкөнүн мыйзамдарын сактоо, кыргыз жарандарынын экстремизм жана терроризмге аралашуусуна каршы күрөшүү, баңги кылмыштарын алдын алуу жана эмгек мигранттарынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды.

Жолугушуунун аягында, башкы консулдук менен кыргыз диаспорасынын жана мекендештердин 2025-жылдагы өз ара кызматташуусу боюнча долбоорлор талкууланып бекитилди.

https://economist.kg/novosti/2025/01/18/v-almaty-sozdadut-biznies-klub-kyrghyzskikh-priedprinimatieliei/