17.01.25

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Торобаев иш сапары менен Будапештке барган учурда, Венгриянын Тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийярто менен жолукту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө, “Венгрия-Кыргызстан” өнүктүрүү фондунун (ВКӨФ) капиталын $34 миллион долларга чейин көбөйтүү жана эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүн колдоо үчүн Ишкердик кеңешин түзүү боюнча келишимге жетишилди.

Тараптар Кыргызстандын экологиялык таза продукциясын Европага экспорттоону көбөйтүү, эл аралык стандарттарга жооп берген логистикалык борборлорду түзүү маселелерин талкуулашты. Ошондой эле билим берүү, миграция жана авиация тармактарында кызматташуу перспективалары каралды.

Эскерте кетсек, “Венгрия-Кыргызстан” өнүктүрүү фондунун уставдык капиталы учурда $16 миллион долларды түзөт. “Economist.kg” басылмасына фонддун төрагасы, Венгрия өкмөтүнүн өкүлдөрүнө бул көрсөткүчтү $16 миллиондон $50 миллионго чейин көбөйтүүнү суранып кайрылышканын маалымдаган.

https://economist.kg/ekonomika/2025/01/17/vienghiersko-kyrghyzskii-fond-razvitiia-uvielichit-ustavnyi-kapital-do-34-mln/