28.01.25
Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) баш катчысы Кубанычбек Өмүралиев менен кызматташтык пландарын талкуулады. Бул тууралуу, Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Тараптар, Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) алкагында кызматташтыкты бекемдөө жана мүчө-мамлекеттердин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү боюнча негизги маселелерди карап чыгышты. Уюмдун баш катчысы Кубанычбек Өмүралиев Жээнбек Кулубаевге катчылыгынын 2024-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары тууралуу маалымат берип, алдыда аткарыла турган иш пландары менен бөлүштү.
Тышкы иштер министри Бишкек декларациясын ишке ашыруунун жана Кыргызстандын Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) төрагалык приоритеттеринин маанилүүлүгүн белгиледи. Өзгөчө көңүл 2025-жылы Кыргызстан төрагалык кыла турган иш-чараларга даярдык көрүүгө бурулду.
Жолугушуунун соңунда, тараптар белгиленген демилгелерди ишке ашыруу жана аталган уюмдун алкагында кызматташтыкты бекемдөө боюнча активдүү ишти улантуу ниеттерин ырасташты.