28.01.25
Доктор Бахар Айдынлы башында турган Түркиянын адистер тобу Режеп Тайип Эрдоган атындагы “Кыргыз-Түрк достугу” ооруканасынын ишмердүүлүгүн изилдөөдө. Делегациянын курамында бөйрөк трансплантациясы боюнча адистер бар, алар жакын арада эки бейтапка бөйрөк көчүрүү операциясын жасоону пландаштырууда.
28-январда Кыргызстандын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Түркиянын Саламаттык сактоо министрлигинин мамлекеттик ооруканалар боюнча башкы директорунун орун басары доктор Бахар Айдынлы жетектеген делегация менен жолугушту.
Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, тараптар Бишкектеги Режеп Тайип Эрдоган атындагы “Кыргыз-Түрк достук” ооруканасынын базасында орган трансплантациялоо жаатындагы кызматташтык маселелерин талкуулашты. Бахар Айдынлынын айтымында, бул ооруканада мындан ары эки топтон турган трансплантолог дарыгерлер иштейт. Бейтаптар даяр болгон сайын, бөйрөк алмаштыруу операциялары жүргүзүлөт.
Министр Алымкадыр Бейшеналиев учурда эки бейтап операцияга даяр экенин билдирип келип: “Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда буга чейин түзүлгөн келишимдердин негизинде бөйрөк трансплантациясы башка бейтаптар үчүн да жеткиликтүү болот. Бул операциялар Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин буйругунун негизинде каржыланат. Бир бейтап үчүн бөйрөк трансплантациясынын баасы 7,5 миң долларын түзөт. Алгачкы эки операция үчүн президенттик демөөрчүлүк фонддон 15 миң доллары бөлүндү”, – деп белгилеп өттү.
https://zdorovie.akipress.org/news:2223226?from=portal&place=last