28.01.25
Кыргызстандын министрлер кабинетинин биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Венгриянын Кыргызстандагы элчиси Шандор Дороги менен жолугушту. Кабминдин маалыматына ылайык, тараптар эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Данияр Амангелдиев кыргыз-венгер кызматташтыгынын динамикалуу өнүгүп жатканын белгилеп, саясий диалогдун үзгүлтүксүз жүрүп жатканын жана көп деңгээлдүү жемиштүү өз ара аракеттешүүнү канааттануу менен белгиледи. Ал эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгүн кеңейтүүдө маанилүү кадам катары, Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын 2024-жылдын 5-ноябрында Кыргызстанга жасаган расмий сапарынын ийгиликтүү өткөнүн баса белгиледи.
Тараптар эки өлкөнүн соода-экономикалык байланышын чыңдоонун маанилуулугун белгилешти. 2025-жылы Будапештте өтө турган кыргыз-венгер Экономикалык кызматташтык боюнча, Өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйынын өткөрүү маселеси талкууланды. Данияр Амангелдиев кызматташтыктын өз ара пайдалуу экенин белгилеп, Кыргызстан Венгрияны Европадагы маанилүү өнөктөш катары карай турганын билдирди.
Өз кезегинде, элчи Венгрия кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүүгө даяр экенин билдирди. Ал өзгөчө айыл чарба жана туризм тармагында конкреттүү долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин белгиледи. Ошондой эле тараптар маданий алмашуу, билим берүү тармагындагы кызматташтык, кыргыз студенттери жана адистери үчүн Венгриядагы мүмкүнчүлүктөр жана башка келечектүү багыттар боюнча пикир алышты.
Жолугушуунун соңунда, тараптар кыргыз-венгер мамилелерин достук жана өз ара пайдалуу кызматташтык духунда мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө даяр экендиктерин тастыкташты.