01.02.25
Азербайжан-Кыргызстан өнүктүрүү фонду (AКӨН) Кыргызстандагы эки долбоорду каржылоону жактырды. Бул тууралуу 2025-жылдын 30-январында, Баку шаарында өткөн фонддун коллегиясынын төртүнчү жыйынынын жыйынтыгында белгилүү болду. Бул тууралуу, Кыргызстандын Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Каржылана турган долбоорлор:
- Кубаттуулугу 9 МВт чакан ГЭСти куруу;
- 300 орундуу заманбап тигүү фабрикасын куруу.
Жыйында ошондой эле фонддун инвестициялык саясаты жана анын иштеши үчүн зарыл болгон башка документтер бекитилди.
Мындан тышкары, көп функционалдуу борбордун курулушун каржылоо концепциясы бекитилди.
Фонддун кеңеши артыкчылыктуу багыттарга дал келген келечектүү долбоорлордун портфелин түзүү боюнча ишти улантууну тапшырды, деп айтылат министрлик тараткан маалыматта. Эскерте кетсек, Азербайжан-Кыргызстан өнүктүрүү фонду 100 миллион доллар капитал менен түзүлгөн.