04.02.25
Кыргызстан жана Өзбекстан эки өлкөнүн жарандарынын жүрүү тартибин жеңилдетүү маселесин талкуулашууда.
Бул маселе 3-февралда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулу менен Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук-укуктук департаментинин директору Бобур Азизов ортосунда болуп өткөн видеоконференцияда учурунда талкууланды. Бул тууралуу, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө, тараптар консулдук чөйрөдөгү эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты. Эки өлкөнүн жарандарынын саякаттоосу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулуп, мындан аркы кызматташуу пландары белгиленди. Жолугушуунун жыйынтыгында, эки тарапты кызыктырган маселелер боюнча тыгыз кызматташууну улантууну макулдашышты.