08.02.25

Кыргызстан жана Түркия аскердик коргонуу өнөр жайында жана ошондой эле өндүрүлгөн аскердик продукцияны үчүнчү өлкөлөргө экспорттоодо кызматташат. Кыргызстандын Коргоо министрлиги тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна киргизди.

Кыргызстандын Аскердик ведомствосу мындай өз ара аракеттенүүдө чоң потенциалды көрө тургандыгын аталган документте көрсөтүлгөн.

Алдын ала болжол боюнча аскер тармагына керек болгон продукциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн  бардык түрлөрүн иштеп чыгуу, өндүрүү жана үчүнчү жактарга түз жеткирүү плпандалууда.

Аскердик өндүрүштө иштеп жаткан системаларды жана аянтчаларды тейлөө, оңдоо жана модернизациялоо да каралган. Технологиялар трансфери жана өлкөлөр ортосунда окутуу жана документ алмашуу жаатында кызматташуу пландаштырылууда.

https://vesti.kg/politika/item/135457-kyrgyzstan-i-turtsiya-budut-sotrudnichat-v-oboronnoj-promyshlennosti.html