10.02.25
Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Түркиянын “TRT AVAZ” телекорпорациясынын координатору Южель Кылычкая менен жолугушту. Бул тууралуу, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Руслан Казакбаев Южель Кылычкая мырзанын “TRT AVAZ” телеканалынын координатору болуп дайындалышы менен куттуктап, анын медиа тармагындагы кесиптик тажрыйбасы Кыргызстан менен Түркиянын телекөрсөтүү, маалымат жана журналистика жаатындагы кызматташтыгынын мындан ары өнүгүшүнө өбөлгө түзөрүнө ишенимин билдирди.
Жолугушуу учурунда, тараптар кыргыз жана түрк медиасынын көп жылдык ийгиликтүү кызматташтыгынын жыйынтыктарын талкуулашып, маалымат алмашуу жана маданий демилгелер тармагында өнөктөштүктү улантуу боюнча пландарды белгилешти.
Элчи кыргыз тарап үчүн “TRT AVAZ” телеканалынын медиа тармагында санариптештирүү, анын ичинде жасалма интеллект системаларын киргизүү боюнча тажрыйбасы кызыктуу экенин баса белгиледи.
Тараптар мындан аркы кызматташтыкты улантуу боюнча макулдашышты. Кыргызстан тарап “TRT AVAZ” телеканалында кыргызстандык медиа кызматкерлер үчүн стажировкаларды уюштуруу боюнча сунушун билдирди.