10.02.25
Кыргызстандын Түркиядагы соода өкүлчүлүгү Анкаранын зергерлер жана саатчылар палатасынын төрагасы Тимучин Сонмез менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстандын Экономика министрлиги билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар зергер буюмдарын өндүрүү, бул тармакта колдонулуучу технологиялык жабдуулар жана Кыргызстан менен Түркиянын зергердик рынокторунун өзгөчөлүктөрү боюнча маселелерди талкуулашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында жакынкы убакытта, Түркияга келүүчү Кыргызстандык жумушчу топ менен кошумча жолугушуу өткөрүү чечими кабыл алынды. Визиттин негизги максаты, заманбап зергердик өндүрүш технологияларын изилдөө жана аларды Кыргызстанда ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн баалоо. Андан тышкары, кыргыз тарап өлкөдө зергердик тармакка карата колдонулуп жаткан салыктык жана башка жеңилдиктер тууралуу презентация кылат. Министрлик белгилегендей, учурда Түркияда 200 миңдей зергердик компания иш алып барат, алардын 2,5 миңи Анкарада жайгашкан.