12.02.25

Кыргызстандын Транспорт министри Абсаттар Сыргабаев Түркиянын Транспорт жана инфраструктура министри Абдулкадыр Уралоглу менен жолугушту. Бул тууралуу, министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда тараптар транспорт тармагындагы кызматташуунун келечегин талкуулап, эки өлкө ортосундагы эл аралык автоташуулар боюнча келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүүгө өзгөчө көңүл бурушту.

Абсаттар Сыргабаев 2025-жылы Бишкекте Кыргызстан менен Түркиянын транспорт министрликтеринин биргелешкен комиссиясынын жыйыны өтөрүн белгилеп,  кесиптешин Кыргызстанга чакырды.

Өз кезегинде, Абдулкадыр Уралоглу чакырууну кабыл алып, эки элдин бир туугандык мамилесин баса белгилеп, транспорт тармагындагы кызматташууну мындан ары да чыңдоого даяр экенин билдирди.

https://economist.kg/transport/2025/02/12/kyrghyzstan-i-turtsiia-planiruiut-ughlubit-sotrudnichiestvo-v-avtomobilnykh-pierievozkakh/