14.02.25
Кыргызстандын Жогорку Кеңешининр Түркия менен кызматташуу боюнча достук депутаттык тобунун жетекчиси Алишер Козуев 13-февралда Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын “Кыргызстан-Түркия” достук парламенттик тобунун жетекчиси Юсуф Беязыт баштаган делегация менен жолугушту.
Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууга парламенттин депутаттары Улукбек Ормонов, Сүйүнбек Өмүрзаков, Жалолидин Нурбаев, Мурадил Сыдыков, Винера Раимбачаева, Азамат Исираилов катышты. Юсуф Беязыт баштаган делегация Жогорку Кеңештин Түркия менен кызматташуу боюнча достук депутаттык тобунун жетекчисинин чакыруусу менен Бишкекке келди.
Козуев парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерине токтолуп, соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо жана саламаттык сактоо тармагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселелерин көтөрдү.
Алишер Козуев: “Эки мамлекеттин лидерлери товар жүгүртүүнү 5 миллиард долларына жеткирүү максатын коюшкан. Ошондуктан соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү керек, ошондой эле өнөктөш өлкөлөр катары жеңилдиктерди берүү маселелерин биргелешип карап чыгуу зарыл”, - деп белгилеп өттү.
Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын “Кыргызстан-Түркия” достук парламенттик тобунун жетекчиси Юсуф Беязыт буга чейин жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилеп, эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү маселелерине токтолду.
Ошондой эле Түркия парламентинин делегациясы менен Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев да жолугушту. Тараптар кыргыз-түрк кызматташтыгын чыңдоо, соода-экономикалык мамилелерди кеңейтүү, билим берүү жана саламаттык сактоо тармагындагы байланыштарды тереңдетүү маселелерин талкуулашты.