14.02.25
Түрк инвестициялык фонду быйыл май-июнь айларында алгачкы долбоорлорду каржылоону баштоону пландаштырууда.
Бул тууралуу “Report” маалымат агенттигине фонддун президенти Багдад Амреев билдирди. Анын айтымында, фондго сунушталган долбоорлор баалоодон өтүп, андан кийин каржылык колдоо көрсөтүлөт.
Багдад Амреев: “Биз биринчи кезекте биргелешкен долбоорлорго көңүл бурабыз, анткени бул фонд түрк мамлекеттеринин экономикаларын жана ишкерлеринин потенциалын бириктирүү, ошондой эле соода жана инвестициялык алмашууну өнүктүрүү үчүн түзүлгөн. Биз экономикалык интеграцияга өбөлгө түзгөн долбоорлорду артыкчылык катары карайбыз. Каржылоо негизинен чакан жана орто бизнести колдоого багытталат”, – деп белгилеп өттү.
Ошондой эле Багдад Амреев, Фонд өнүктүрүү банкы катары иш алып барат жана учурда Дүйнөлүк банк, Европа реконструкциялоо жана Өнүктүрүү банкы, Азия өнүктүрүү банкы, Ислам өнүктүрүү банкы сыяктуу аймактык жана эл аралык финансылык институттар менен конструктивдүү диалог жана кызматташтык түзүлгөндүгүн билдирди.
https://report.az/ru/biznes/tyurkskij-investfond-gotovitsya-profinansirovat-pervye-proekty/