17.02.25
Кыргызстандын Экономика министринин орун басары Искендер Асылкулов Түркиянын Өнөр жай жана технологиялар министринин орун басары Мухаммет Касым Генуллю менен жолугушту. Жолугушуу учурунда, тараптар өнөр жай тармагында эки тараптуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. Бул тууралуу, Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун негизги маселелеринин бири Чүй облусунда өнөр жай аймагын түзүү болду. Асылкулов Түркия тарапка бул долбоорго катышуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштады. Жолугушуунун жыйынтыгында, 2025-жылдын апрель айында Түркиянын делегациясы Кыргызстанга иш сапары менен келери тууралуу макулдашууга жетишилди. Сапардын алкагында, Түркия өкүлдөрү өнөр жай аймагын куруу үчүн сунушталган жер тилкеси менен таанышышат.
Мындан тышкары, экономика министринин орун басары Анкаранын зергерлер жана саат жасоочулар ассоциациясынын өкүлдөрү менен да жолугушту. Жолугушууда, Кыргызстандын өнөр жай башкармалыгынын башчысы Арслан Базиев Түркиянын зергердик компанияларына кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу презентация жасады. Негизги көңүл, Кыргызстанда зергердик буюмдарды өндүрүүгө түрк технологияларын тартууга бурулду.