18.02.25

Анкарада 14-февралда, Кыргызстанда технопарк куруу маселесине арналган жолугушуу болуп өттү. Кыргызстандын Экономика министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, сүйлөшүүлөргө өнөр жайды өнүктүрүү боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү, анын ичинде экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов, Кыргызстандын Түркиядагы Соода өкүлчүлүгү жана Түркиянын ири технопарктарынын бири  болгон “Bilkent CYBERPARK” компаниясынын башкы директору Фарук Иналтекин катышты.

Тараптар, Кыргызстанда билим берүүнү жана технологияларды өнүктүрүүгө багытталган технопарк түзүүнүн келечегин талкуулашты. Бул долбоор, эки өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзөт деп күтүлүүдө. Жолугушуунун катышуучулары кызматташууну улантууга кызыкдар экендиктерин билдирип, кийинки жолугушууну Кыргызстанда өткөрүүнү макулдашышты.

https://vesti.kg/obshchestvo/item/135805-turetskaya-kompaniya-namerena-postroit-tekhnopark-v-kyrgyzstane.html