18.02.25
Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев Кыргызстандагы Венгриянын элчиси Шандор Дороги менен жолукту. Көрүшмө учурунда, эки тараптуу кызматташуунун динамикалуу өнүгүп жатканы белгиленди. Акыркы жылдары өз ара саясий диалогдун туруктуулугу жана экономикалык байланыштардын жигердүү өнүгүшү менен көрсөтүлүүдө. Бул тууралуу, Кыргызстандын өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Тараптар, Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы товар жүгүртүүнүн олуттуу өсүшү байкалгандыгын, бирок кыргыз продукциясынын венгер рыногуна экспортуна өзгөчө көңүл буруунун зарылдыгы бар экендигин белгилешти.
Адылбек Касымалиев эки өлкөнүн кызматташуусунун стратегиялык маанисин баса белгилеп келип: “Кыргызстан Венгрияны Европага алып баруучу терезе катары караса, Венгрия Кыргызстанды Кытайга жетүүчү дарбаза катары карай алат”, – деп белгилеп өттү.
Жолугушуунун алкагында 2025-жылы Будапештте өтө турган “Кыргыз-Венгрия” өкмөттөр аралык экономикалык кызматташтык комиссиясынын кезектеги жыйынына даярдык көрүү маселелери талкууланды. Атап айтканда, алдыдагы жыйында өзгөчө көңүл бурууну талап кылган артыкчылыктуу кызматташуу багыттары каралды.
Мындан тышкары, Кыргызстан жарандарынын Венгрияга эмгек миграциясы маселелери да талкууланып, кыргызстандык жарандардын Венгрияда ишке орношуусу жана социалдык жактан ыңгайлуу шарттарда адаптацияланышы үчүн зарыл шарттарды түзүү боюнча маселелер көтөрүлдү.